УКМК: Куланбаевдин кармалышы тууралуу маалымат жок

УКМКда Чычкан айылынын тургуну Сейитбек Куланбаевдин кармалышы тууралуу азырынча маалымат жок. Аталган мекемеден "Азаттыкка" кабарлашкандай, бул окуя тууралуу маалымат азыр такталууда.

Ушу тапта Жети-Өгүздүн Чычкан айылынын айрым тургундары Балыкчы -Каракол унаа жолун бууп турушат. Алардын айтымында, бүгүн белгисиз бирөөлөр тарабынан кармалып кеткен Куланбаев Кумтөргө каршы акциялардын активдүү катышуучусу. Жергиликтүү милиция да бул окуяга тиешеси жок экенин айтууда.(RK)