Баткенде быйыл 16 ФАП ишке берилди

Бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Баткен облусу боюнча координатору Сайпидин Төрөев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган фельдшердик-акушердик пункттардын 14ү эл аралык уюмдардын  колдоосу менен ишке кирген.  Жаңы медициналык мекемелердин басымдуу бөлүгү чек аралаш айылдарда.

Адистердин айтымында, облус аймагындагы айылдык эмканалардын көпчүлүгү өткөн кылымдын 60-жылдары курулган. Жабдуулары да жаңыланууга муктаж.  (JsA)