Орусияда Алыкул Осмоновдун жыйнагы жарык көрдү

Москвада 20-кылымдагы кыргыздын көрүнүктүү акыны Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы орус тилинде басылып чыкты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Жыйнак 1000 нуска менен басылып, "Навек Иссык-Куль полюбила Нева…"(Ысык-Көл Нева суунун сүйгөн жары) деген аталышта. Анда акындын ар жылдарды жазылган ырларынын орусча котормолору топтолгон. Акындын ырларын орус адабиятчылары Вера Потапова, Николай Чуковской, Семен Липкин которгон.

Китептин бет ачаары 9-декабрда Москвада Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин катышуусунда болуп өттү.(BkA)