Кара-Кече көмүр кенинде үч киши каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 10-декабрь күнү саат 5:00 чамасында Кара-Кече көмүр кенинде “ЗИЛ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу эки автоунааны уранды басып калган.

Жумгал райондук ИИБнүн алдын ала маалымдаганы боюнча урандыдан үч киши каза тапкан. Алар: 30 жаштагы Кылычбек Үмөтбаев, 30 жаштагы Канат Эмирбеков жана 1960-жылы туулган Самат Үсөнов. Үчөө тең Жумгал районунун тургундары. 

Кырсык кендеги “Көмүр” мамлекеттик ишканасынын аймагында болгон. (ZKo)