Кара-Кечедеги кырсык боюнча атайын комиссия түзүлдү

Комиссия облустагы өкмөт өкүлүнүн демилгеси менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМ, мамлекеттик техникалык инспекция кызматкерлеринин жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн курамында түзүлдү.

Аталган комиссия кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кечеде кырсыкка учурагандар көмүр казуу аймагына түн ичинде уурданып кирип, көмүр жүктөп кетүүгө аракеттенишкен деп билдирүүдө. Маалыматка ылайык, алар сырттагы кароолчулардын тосконуна карабай, кенге кирип, автоунаага көмүр жүктөп жаткан учурда уранды көчүп түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 10-декабрь күнү таңга жуук, саат 5:00 чамасында Кара-Кече көмүр кенинде уранды көчүп түшүп, эки “ЗИЛ” автоунаасын басып калган. Натыйжада Жумгал районунун 30 жаштагы эки, 53 жаштагы бир тургуну каза тапкан. (ZKo)