Жабык жайлардагы адам укуктары талкууланат

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы абактардагы жана жабык жайлардагы адам укуктарынын сакталышы боюнча тегерек үстөл өтөт. 

Тегерек үстөлдү ЕККУнун Бишкектеги борбору, “Сорос-Кыргызстан” фонду баштаган бир нече эл аралык уюмдар уюштурууда. Жыйында аталган жабык  жайлардагы адам укугунун сакталышы боюнча бир жыл бою жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы чыгарылмакчы.

Мониторинг  өлкөдөгү милициянын 47 убактылуу кармоо жайында, 4 тергөө абагында жана 23 психиатриялык ооруканада жүргүзүлгөн.(BkA)