Саруудагы “өзгөчө кырдаал” уланууда

Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы активисттер “өзгөчө кырдаалды” улантышууда. Бул тууралуу айылдагы активист Замир Меңдибаев билдирди. Анын айтымында, айылда кечки 10дон таңкы 7ге чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Айылга кирип-чыгуучу жерлерге атайын тозоттор орнотулду. Меңдибаев мындай абал күч кызматтарынын аларды кармап кетүү аракеттерине каршылык иретинде жасалган кадам экенин билдирүүдө.

Кечээ Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча атайын билдирүү тараткан. Анда саруулуктардын "өзгөчө кырдаал" жарыялаганы мыйзамга каршы келери айтылган.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен быйыл май айынан бери митингдерди уюштуруп келет. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облустагы өкмөттүн өкүлүн автоунаага камап коюу менен коштолгон. Аягында митингди күч кызматы кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Учурда алардын сегизи УКМКнын тергөө абагында отурушат.(BkA)