Жалал-Абад: Барпы театры “Ак кемени” койду

Облустук Барпы театрында спектакль Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 9-декабрдан бери коюлуп жатат. “Ак кемедеги” баланын таята- таенесинин ролун республиканын эмгек сиңирген артисттери Бакыт Жумалиев менен Шайырбү Мамбетова ойноду. 

Жалал-Абадда аймактык бир башкармага жазуучунун  аты, ал эми борбордук көчөгө энеси – Нагима Айтматованын ысымы коюлган. (YA)