Түрмөдө паспортсуз олтургандардын укугу бузулууда

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү  Алима Аманованын "Азаттыкка" айтымында,  кримтөбөл атыккан Азиз Батукаев бошотулгандан кийин түрмөдөгүлөргө паспорт берүү токтоду. Мунун айынан Жалал-Абаддагы №10- жаза өтөө мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөгөндөр жаңы төрөлгөн балдарын өз аттарына жаздыра  албай,  никесин каттата албай жатканына даттанышты. Алардын 95 пайызынын паспорту жок. Нике катталбагандан кийин алардын үй-бүлөсүнүн да укугу бузулууда. Айрыкча жаңы төрөлгөн ымыркай өз атасынын атын албай, мыйзамсыз төрөлгөн бала катары апасынын фамилиясына катталууда. (YA)