Келдибековдун тарапкерлери ачкачылыгын улантууда

Ош шаарынын борбордук аянтындагы боз үйлөрдө азыр тамак-аштан баш тарткан 15 чакты адам бар. Алар депутат Акматбек Келдибековдун үй камагына бошотулуусун талап кылышууда. Ачкачылык кармагандардын арасында Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу райондорунан келгендер бар. Акция 11-декабрда башталган.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалып, эки күндөн соң сот анын камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Аны бошотуу талабы менен буга чейин Бишкекте, Ошто жана Алай районунда нааразылык акциялары өткөн. (ErN)