Бишкек: казак элчилигинин жанында пикет өтүүдө

Жарандык активист Александр Паленый Бишкектеги казак элчилигинин жанында пикет өткөрүүдө. Ал 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясына жооптууларды жазага тартуу талабын коюп жатат. Азырынча Паленый менен элчиликтен эч ким чыгып жолуга элек. Ал көчөдөн өткөндөргө Жаңы-Өзөн окуясы тууралуу дисктерди таратууда.

Эки жыл мурун 16-декабрь – Казакстандын көз карандысыздык күнүндө өлкө батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктаган. Коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган. Окуяга байланыштуу бир канча мамлекеттик кызматкерлер камалган. (SE\MiT)