Атамбаев Бажы биримдигине кирүү шарттарын айтты

Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктар корголгон шартта гана кирет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттер менен өткөрүлгөн жыйында айтты.

- Биримдикке кирүүдө эч кандай басымдарга алдырбайбыз. Биздин кызыкчылыктарга туура келсе гана киребиз,- деди мамлекет башчы.

Бажы биримдиги 2010-жылы түзүлгөн. Ага Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. 2013-жылдын 29-майында Кыргызстан Бажы биримдигине мүчөлүккө арыз берген. (SE\KE)