Казат Акматовдун китеби англис тилинде жарык көрдү

Бүгүн Бишкекте жазуучу Казат Акматовдун “Мунабия” аттуу жыйнагынын англис тилиндеги котормосунун бет ачаары өтөт. 1978-жылы жарык көргөн новелланы англис тилинде Hertfordsire Press басмаканасы басып чыгарган. Китепке жазуучунун жаңы жазган чыгармалары да киргизилген.

Буга чейин Акматовдун «Эрика Клаустун 13 кадамы» деген китеби англис тилине которулган.(BkA)