Өкмөт Кумтөр боюнча позициясын өзгөрткөн жок

Кыргыз өкмөтү Кумтөр маселеси боюнча позициясын өзгөрткөн жок. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун бүгүн "Азаттыкка" билдиришинче, парламентке үлүштүн 50/50 боюнча долбоору кайрадан жөнөтүлдү. Шыкмаматов өзү жана социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев бул долбоорго каршы добуш берди. 

Кумтөрдүн алтынын казып алуудан түшкөн пайданы канадалык инвестор "Центерра" компаниясы менен теңме-тең бөлүшүү меморандумунун долбоорун өкмөт парламентке буга чейин да сунуштаган. Бирок Жогорку Кеңеш муну колдобой, Кыргызстандын үлүшү 67%дан кем болбосун деген талап коюп, 23-декабрга чейин мөөнөт берген. 

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 67% деген тапшырманы аткаруу мүмкүн эмес болуп жатканын, өкмөт 50/50 долбоорундагы Кыргызстандын позициясын жакшыртуу, каржылык агымдарды кыргыз тарапка көбүрөөк буруу, көзөмөлгө алуу үстүндө иштеп жатканын жакында “Азаттыкка” билдирген.  (AiT/RK)