Автоматты ойлоп тапкан Михаил Калашников көз жумду

Дүйшөмбүдө Орусиянын Ижевск шаарында дүйнөгө даңазалуу курал-жарак конструктору Михаил Калашников 95 жашында оорудан көз жумду. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС агенттигине Удмуртия жумуриятынын жетекчисинин басма сөз катчысы Виктор Чулков кабарлады.

Калашников дүйнөдөгү эң популярдуу жана мыкты автоматты ойлоп тапкан. Алгачкы автоматты 1947-жылы жасаган. Ошондон бери дүйнөдө АКнын бир нече түрүнүн миллиондогон даанасы чыгарылган. Бүгүн 100дөн ашуун өлкөнүн күч структуралары колдонгон автомат ХХ кылымдын эң чоң табылгаларынын тизмесине киргизилген.