Укук коргоочу Беларус элчилигинде акция өткөрөт

Өндүрүш Токтонасыровдун бүгүнкү акциясы Жаңы жыл майрамына байланыштуу болмокчу. Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 25-декабрда ал Беларус элчилигине жаңы жылдык открытка тапшырат. Анда куттуктоо сөздүн ордуна Беларус бийлигине жаңы талаптар жазылган, алар: Кыргызстанда мамлекеттик кылмыш кылган деп айыпталып жаткан экс-президентти жаап- жашырганы үчүн эл аралык сотко кайрылуу, Бишкектеги Беларус элчилигин жабуу, Кыргызстан менен Беларустун дипломаттык карым-катышы токтотулсун деген талаптар.

Өндүрүш Токтонасыров мурунку президент Курманбек Бакиевди кайтарып берүү талабы менен буга чейин Беларус элчилигинин жана бир катар эл аралык уюмдардын Бишкектеги өкүлчүлүктөрүнүн алдында түрдүү акцияларды өткөргөн.(ZKo)