Парламент Баткен облусун каржылоону өкмөткө тапшырды

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда Баткен облусун реформалоо боюнча комиссиянын маалыматын угуп, облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн каражат табууну өкмөткө тапшырды.

Баткенди облус катары жоюп, Баткен жана Лейлек райондорун республикага түз каратууну, ал эми Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна кошуу демилгесин ЖК депутаты Назарали Арипов көтөргөн. Буга байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзүлүп, алар аймактагы элдин, күч түзүм өкүлдөрүнүн, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын пикирин угуп келишкен.(ZKo)