Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеш коюп жаткан талапты аткара албайт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Ал 67% реалдуу эмес экенин, кагазга жазылган сөз иш жүзүндө да аткарылышы керек экенин эскертти:
- 23-октябрда кабыл алып жатканда 67% пайыз реалдуу эмес деп сурансак, макул болбой койдуңар. Кагазга жазылгандан кийин ал аткарылышы керек. Биз аткара албайбыз деп ачык айтып жатабыз.
Парламент Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 67% болушун талап кылууда. Өкмөт болсо канадалык инвестор "Центерра" менен сүйлөшүү өткөрүп, 50%дан жогору боло албасын айтууда. (RK)