Украинада журналисттин сабалышы боюнча нааразылык уланууда

Украинада журналист Татьяна Чорновилдин сабалганына байланыштуу нааразылык акция улантылды. Киевдеги акциянын катышуучулары журналисттин токмоктолушун акыйкат иликтөөнү жана ички иштер министри Виталий Захарченконун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Оппозиция Чорновил журналисттик иликтөөсү үчүн токмоктолду деп шектенүүдө. Журналист жана активист Татьяна Чорновилди шаршембиге караган түнү Киевде белгисиз бирөөлөр сабап кеткен.