Абак кызматкерине кол салуу болду

Бишкек шаарындагы №47 колониянын жетекчи орун басарына кол салуу болду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Кечээ кечке жуук колония жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары, 32 жаштагы Милан Шакиев жумуштан чыгып, түрмөнүн жанындагы “Народный” дүкөнүнө баратканда ага белгисиз бирөөлөр кол салып, бычак сайып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, кол салгандар үчөө. Алты жеринен бычак жеген Шакиев учурда ооруканада. Дарыгерлер ал бүгүн реанимациядан чыгарылаарын айтууда. Жаза аткаруу кызматы бул кол салуу Шакиевдин ишине байланыштуу болушу ыктымал деген пикирде. (RK)