Украинада журналисттин сабалышына шектүү үчүнчү киши кармалды

Т.Чорновил

Бийликтер 26-декабрда бул окуяга байланыштуу үч депутат да суракка алынып жатканын кошумчалашты. Эки кишини 25-декабрда кармашкан. 34 жаштагы Чорновилди 25-декабрдын түнү белгисиз бирөөлөр жолдо машинесин токтотуп, өзүн катуу сабап кетишкен. Ал башынан алган жарааттардан азыр ооруканада дарыланып жатат.

Тетьяна Чорновил - жогорку даражалуу чиновниктердин коррупциялык иштерин иликтеген макалалары менен таанылган журналист. Ал соңку апталарда евроинтеграцияны жактагандардын массалык демонстрацияларына да активдүү катышкан эле.