Бишкекте эл аралык самбо мелдеши өтүүдө

29-декабрда Бишкекте самбо күрөшү боюнча жаштар арасында эл аралык турнир өтүп жатат. Мелдешке Кыргызстан менен Казакстандын жүз элүүдөй жаш балбаны катышууда.

Турнир мекенчил-жоокер, СССР спорт чебери Жылдыз Айнакуловду эскерүүгө арналып өтүүдө. "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш ушул мелдештерге күбө болуп жүрөт.