Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Жаңы жылдык майрамга байланыштуу Торугарт жана Эркеч-Там чек ара бекеттери 1-январь күнү жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстанда жана Кытайда Жаңы жыл майрамында, мамлекеттердин эгемендүүлүк күндөрүндө жана башка маанилүү майрамдарда чек ара бекеттери убактылуу тосулуусу кадимки көрүнүш.(ZKo)