2-январга карата аба ырайы

2-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жок. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -7...-12, түндүк тарабында -9...14, күндүз -2...+3,
Таласта түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...+1,
Баткенде түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12,
Тоолордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -6...-11.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 1...3 градус жылуу.