"Вечерний Бишкек" гезити 40ка чыкты

Бүгүн "Вечерний Бишкек" гезити өзүнүн 40 жылдыгын белгилөөдө. Гезиттин биринчи саны "Вечерний Фрунзе" деген аталыш менен 1974-жылдын 1-январында жарык көргөн. Басылма эң көп нускада чыккан күнү - жума. Бул күнү 38 миң нускада басылып чыгат. Гезиттин юбилейине карата президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо катын жолдоп, "Вечерний Бишкек" борбор шаардын гана эмес, жалпы өлкөнүн турмушунда маанилүү роль ойноорун айтты. (RK)