Индонезияда согушкерлер бир катар кол салууларды пландаган

Жаңы жыл алдында Жакартанын чеке белиндеги атышууда жан таслим болгон исламчыл согушкерлер шаардагы Американын элчилигин, бутпарастардын храмдарын, чет элдиктер көп жашаган мейманканаларды бутага алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Индонезиянын полициясы билдирди. Согушкерлер жашынган үйдө кол салуулардын планы табылганын, бул топ “ал-Каида” менен байланышта экенин полиция кошумчалады.

Соңку 10 жылда Индонезияда радикал исламчылар бир катар чоң чабуулдарды жасашты. 2004-жылы Бали аралындагы жардырууда 202 киши мерт кеткен.