Панфилов районунун Чалдовар айылынын 66 жаштагы тургуну Василий Воронцов өз үйүндө өрттөн каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 5-январга караган түнү болгон.
Электр шаймандарын туура эмес колдонуудан келип чыккан өрттөн үй ээси мерт кетип, турак-жайдын чатыры, керебет жана электр плитасы күйүп кеткен.
Министрликтин маалыматы боюнча соңку кездери өлкө аймагында күн сайын орто эсепте 15-20 өрт кырсыгы катталууда. (SE)