Кыргыз-тажик чек арасын тактоо cүйлөшүүлөрү уланат

Бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик  чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияларынын жолугушуусу башталат. Ага  коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган кыргызстандык делегация катышат. Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, жолугушууда өткөн жылы талаш жараткан Баткендеги Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушун жандантуу баштаган бир нече маселе каралат.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.(BkA)