Ысык-Көл: өрт 200 миң сомдук зыян келтирди

Жаңы жыл майрамынан бери Ысык-Көл облусунда 24 өрт кырсыгы катталып, 200 миң сомдук зыян келтирилди. Кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу облустук өрткө каршы кызматынын капитаны Бекжан Жексенбаев билдирди. Анын айтымында, өрттүн басымдуу бөлүгү Түп районунда катталууда.

Өрт кырсыктары негизинен электр энергиясын туура эмес пайдалануудан жана мештерден чыгып жатат. (MK)