Анбар провинциясындагы кармашка танк менен авиация аралашты

Ирактын Анбар провинциясындагы Рамади менен Фаллужа шаарларынын ортосундагы Албу-Бали кыштагын ээлеп алган исламчыларга каршы өкмөттүк армия танк менен авиацияны колдонду. Бул тууралуу “Азаттыктын” ирак кызматына Анбар провинциясынын администрациясынан кабарлашты.
Өкмөттүк күчтөрдүн тарабында согушуп жаткан жергиликтүү активисттер “ал-Каида” менен байланышкан сунниттерди Рамади жана Фаллужа шаарларынан сүрүп чыгарууга аракеттеништи.

Согушкерлер бул шаарлардын айрым бөлүктөрүн өткөн аптада ээлеп алышкан. Кармашта эки тараптан кандай жоготуу болгону жөнүндө маалымат айтыла элек.