Баткен: Ак-Сайда электр жарыгы өчүрүлдү

Баткендеги Көк-Таш айылы, 11-январь, 2014-жыл

Бул тууралуу Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Абдипатта Бердиев “Азаттыкка” билдирди. Ак-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга кеткен электр зымдары  Тажикстандын айылдары аркылуу өтөт. Азырынча кыргыз айылдарына ток берүү эмне себептен токтогону такталууда.
 
Бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде беш кыргыз, эки тажик чек арачысы жараат алганы кабарланган. Окуядан кийин кыргыз-тажик чек арасы жабылганын "Азаттыкка" Чек ара кызматы маалымдады.
 
Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда  тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.
 
7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA/JsA)