Украинада ири демонстрация өттү

Украинада демонстранттар Луценко сабалгандан кийин демонстрация өткөрүштү.
Кечээ жекшембиде он миндеген европачыл демонстранттар Киевде белгилүү оппозоиция лидери Юрий Луценконун сабалышына нааразылык билдиришти. Абактагы экс-премьер Юлия Тимошенконун өкмөтүндө министр болгон 49 жаштагы  Луценко жума күнкү демонстрацияда полициядан таяк жегенден кийин ишембиде реанимация бөлүмүнө жаткырылган эле.