Президенттин жубайы иштеген жер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттин жубайы Раиса Атамбаева иштеген Медициналык академиянын гигиеналык дисциплиналар кафедрасы. АКОС коомдук бирикмеси жарыялаган президенттин жубайы Раиса Атамбаева үчүн даярдалган атайын иш бөлмөсү медакадемиянын мына ушул имаратынын 1-кабатында жайгашкан. Анын иш бөлмөсүнө кетүүчү коргон имараттын артында болуп, жабык болгондуктан ал жакка каалаган адам эле бара албайт.