Азербайжанда ири көлөмдөгү курал-жарактар табылды

Баку шаарындагы полиция бүгүн бир нече таштанды контейнерлеринен куралдардын, ок-дары, жардыргыч заттардын ири запасын тапканын кабарлады. Бул туууралуу аларга белгисиз бирөө телефондон билдирген. Азыр тергөөчүлөр баш калаадагы ал районду курчоого алып, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.