Чаткалда кар көчкү түшкөн унаа жол жабык турат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бүгүн эртең менен 08:30 чамасында Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 5-9-чакырымында көлөмү болжол менен 4500м3 кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тиешелүү техника тартылып, тазалоо иштери жүргүп жатат. Жол азырынча жабык. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)