Депутаттар чек арадагы абал менен таанышууда

24-январда Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Баткендеги Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, көчмө жыйын чек ара маселелерине арналды. Анын алкагында, депутаттар Ак-Сай, Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугуп, чек арадагы абал менен таанышты.

11-январда Баткендин Ак-Сай айыл аймагында тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, Кыргызстандын 5, Тажикстандын 3 аскери жараат алган. Чатак Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын каршылыгынан улам келип чыккан. Чек арада ок атылышына эки өлкө бири-бирин күнөөлөп келет. (BkA)