Кытай: Шин-Жаңда 12 адам өлтүрүлдү

Кытай полициясы өлкөнүн батышында жайгашкан Шин-Жаң провинциясында террорчул чабуул даярдаган  6 адамды атып өлтүргөнүн тастыктады. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жардыргыч затты алып келе жаткан башка 6  адам жардыруудан мерт кеткенин кабарлашууда. Атып өлтүрүлгөн 6 адамдан сыркары 5 адам камалды. Бир полиция кызматкери жараат алды.

Көбүнчө уйгурлар жашаган Шинжаңда акыркы тогуз айда 100 адам, анын ичинде полиция кызматкери өлтүрүлгөн (AiK)