Янукович билдирүү жасады

Украинанын президенти Виктор Янукович бийлик саясий туңгуюктан чыгуу үчүн бардык аракеттерди жасады деп билдирди, бирок ошол эле убакта оппозицияны кырдаалды курчутуп жатат деп айыптады. Бейшемби күнү жарыяланган билдирүүдө бийликтер ката кетиргенин жана мындан ары элдин мүдөөлөрүн көбүрөөк угууга аракеттер болоору айтылат. Бүгүн украин президентинин маалымат кызматы өлкө башчысы тумоолоп калгандыгы үчүн жумушка чыга албай калганын жарыялаган эле.

29-январдын кечинде Украинанын парламенти узакка созулган талкуулардан кийин нааразылык акциясында кармалгандарга мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоорду жактырган. Мыйзам долбоордо мунапыс жарыялоо үчүн шарт коюлган – бул басып алынган административдик имараттарды бошотуу. Оор кылмыштарды жасаган адамдарга да мунапыс берилбейт. Оппозиция бул долбоорго каршы чыгууда. (AiK)