Кар көчкүдө калгандардын жакындарына жардам берилет

Аксы районунда кар көчкүдө каза болгон беш адамдын үй-бүлөсүнө мамлекет башчынын резервдик фондунан 50 миң сомдон жардам берилет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка Алмазбек Атамбаев 30-январда кол койду.

Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында 27-январда Жайык айылынын 5 тургуну ат менен мал издегени чыгып, кар көчкүдө калган. (SE)