Тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүп жатат

31-январдан бери Жалал-Абад облусунун Токтогул, Чаткал, Тогуз-Торо, Чүйдүн Жайыл, Оштун Кара-Кулжа райондорундагы тоолуу жолдордо кар көчкүлөр болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тазалоо иштерин аталган мекеменин атайын кызматы жүргүзүп жатат. Айдоочуларга 3-февралга чейин алыс жолго чыкпай туруу эскертилет. (SE)