Бишкекте волейбол боюнча чемпионат өтүп жатат

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка”  волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков маалымдады.

Мелдешке  өлкө аймагынан 6 команда катышууда.  29-январда башталган таймашуулардын жыйынтыктары боюнча Ош шаарынын “ Ош-бажысы” командасы, Ысык-Көлдүн “Жаңы муун”,  Бишкектин  "Салам-Алик" жана Ички Иштер министрлигинин “ВВ МВД+К “ командалары алдыңкы сапта баратат.

1-февралда “Салам-Алик”  командасы  “Ош бажысы” командасын 3:1 эсебинде жеңип алды.  Кийинки беттешүү "Жаңы Муун" жана Ички “ВВ МВД+К “ командаларынын ортосунда болуп, ысыккөлдүк волейболчулар 3:1 эсебинде утту.  

Биринчи турдун оюндары 2-февралда аяктайт. Чемпионаттын экинчи туру 26-мартта башталат, үчүнчү тур май айында болот.

Волейбол боюнча Кыргызстандын учурдагы чемпиону болуп Бишкектин "Салам-Алик" командасы эсептелет. (КМа)