Ош аба майданында кардын айынан каттамдар токтоду

1-февралдан 2сине өткөн түнү Ош Эл аралык аэропорту кардын мол жаашынан улам жана туман түшкөнүнө байланыштуу 10 чакты каттамды тейлей албай калды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" аэропорттун маалымат бөлүмүнөн кабарлашты. Натыйжада 7 сааттык тазалоо иштери жүргөн мезгилде Ош аэропортунда эл топтолуп, күтүү залынан орун таңкыстыгы жаралган.

Эксперттердин айтымында, мындай абалдын жаралышына авиаишканалар менен аэропорт ортосундагы маалымат алмашуунун талаптагыдай жүрбөгөнү себеп. (SA)