Жаңылыктар Бишкек - Ош унаа жолу убактылуу жабылды 3-Февраль, 2014 Бишкек - Ош унаа жолунун Чүйдүн Сосновка айылындагы посту убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Бүгүн таңга жуук 205-чакырымга кар көчкү түшүп, жолду жаап калды. Кар көчкүнүн көлөмү азыр такталууда. (RK)