Саруу айылында Каракол - Балыкчы жолу буулуп турат

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Балыкчы - Каракол жолу дагы эле жабык турат. Кабарчыбыздын айтымында, айылдын кире беришинде жана чыгышында кум төгүлгөн. Учурда ал жерде жыйырма чакты унаа өтө албай токтоп турат. 

“Кыргыз эл биримдиги” кыймылынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Кубанычбек Кадыровдун айтымында, кечээ күнү милиция кызматкерлери айылга кирип, штабдагы ондон ашуун активистти кармап кетти. Мына ошондон кийин жергиликтүү калк Балыкчы - Каракол жолун жапты. Ысык-Көл облустук милициясынын  башчысы Эмил Салиев кармоо мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн билдирди. (MK/AiT/RK)