Сарууда Балыкчы-Каракол жолу жабык бойдон турат

Ысык-Көлдөгү кабарчыбыздын билдирүүсүнө караганда, Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров баш болгон актив 3-февралда саруулуктар менен жолугушту. Бирок андан натыйжа болгон жок. Жолду тоскон тургундар кармалган балдарды бошотуу талабын коюшуп, өздөрүнүн талаптары аткарылганга чейин турушарын билдиришкен.

2-февралда милиция кызматкерлери Саруу айылында ондон ашуун кишини кармап кетишкен. Кармоо учурунда айрым жарандарга, алардын ичинде эки аялга күч колдонулганы айтылууда. Милиция активист Айбек Сарыбаевден башкасын бошоткон. (AiT)