5-февралга карата аба ырайы

5-февралда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Ысык-Көл менен Нарында кар жаайт. Башка аймактарда кар жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 19-24 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -18...-20, күндүз -8...-13,  
Таласта түнкүсүн -20...-25, күндүз -10...-15, 
Баткенде түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11, 
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10, 
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...-8,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12,
Бийик тоолордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -12...-17.

Бишкекте ала булут каптап турат, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -19…-21, күндүз -9...-11.