"Дождь" аудиториясын жоготпогонго аракет кылат

Орусиядагы «Дождь» телеканалынын башкы директору Наталья Синдеева "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус кызматына берген маегинде, телеканал тоскоолдукка карабастан өз ишин улантарын жана аудиториясын жоготпогонго аракет кыларын билдирди.

29-январдан баштап, «Дождь» телеканалын  «Эр-Телеком», "Акадо", "НТВ-Плюс", "Ростелеком", "Билайн ТВ"  жана "Континент ТВ" операторлору  эфиринен өчүрүп салышкан. Азырынча телеканалдын көрсөтүүлөрүн  анын сайтынан  жана аймактык операторлордон көрсө болот (AiK).