Ооганстан: Карзай талибдер менен жашыруун жолугууда

Ооганстандын президентинин маалымат катчысы The New York Times гезитине Хамид Карзай талибдердин өкүлдөрү менен тынчтык сүйлөшүү боюнча жашыруун жолугушууларды өткөрүп жатканын тастыктады.

Аймал Файзинин айтымында, жолугушуулар боюнча демилгени талибдер көтөргөн, алар октябрда башталып, уланууда. Макалада жолугушууларга Американын же Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышпаганы белгиленет. Учурда Вашингтон Карзайга нааразы, себеби Ооганстандын президенти Америка менен коопсуздук боюнча келишимге кол коюуну создуктурууда. Вашингтон келишимге жакын арада кол коюлбаса, бардык аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетерин эскертти.

Ооганстандагы америкалык аскерлердин макамы боюнча АКШнын президенти Барак Обама Коргоо министрлигинин төбөлдөрү менен экинчи күнү жолугушаары күтүлүүдө. (AiK)