Ромпей: ЕБ Грузия менен Ассоциациялык келишимге ушул жылы кол коет

Евробиримдиктин жетекчиси Херман Ван Ромпей уюмдун ушул жылдагы маанилүү максаттарынын бири - бул Грузия менен Ассоциациялык келишимге кол коюу экенин жарыялады. Бул тууралуу Ромпей Брюсселде экинчи күнү Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили менен жолугушуу учурунда билдирди. Бирок Ромпей кол коюунун мөөнөтү тууралуу маалыматты ачыктаган жок. Гарибашвили болсо, Ван Ромпейге таянып, келишимге кол августта коюларын бышыктады.

Грузия жана Молдова 2013-жылдын ноябрында Вильнюстагы «Чыгыш кызматташуусу» саммитинде Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимди жактырышкан. (AiK)