АКШнын Орусиядагы элчиси кызматтан кетээрин жарыялады

Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол Сочи Олимпиадасы бүтөөрү менен кызаматтан кетерин 4-февралында өз блогунда жарыялады. Макфол Калифорнияда жайгашкан Стенфорд универистетиндеги ишине кайтууну көздөп жатканын кошумчалады. Ал Орусияны ар дайым эстээрин баса белгилеп, Орусиядагы өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирди. Элчи кызматтан кетишин үй-бүлөлүк абалы менен да байланыштырды.

"Менин аялым жана эки уулум өткөн жайда Калифорнияга кайтышкан. Үй-бүлөмө кайтууга убакыт келип жетти", - деп жазат Макфол. Майкл Макфол элчилик кызматка Обаманын администрациясынын Москва менен дипломатиялык алакаларды бышыктоо учурунда, эки жыл мурун дайындалган. (AiK)